Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон белгилешкендей, тыгындар жайкы дөңгөлөктөгү унаалардын айынан болуп жатат.
«No9 ДЭПтин жумушчулары жолду кардан тазалап, ошондой эле туз-кум аралашмасын толтуруп жатышат», — деп билдиришти башкармалыктан.
Айдоочулар ашууларга кышкы дөңгөлөктөр менен барышы, кардын чынжырчасын көтөрүп, 500 метр аралыкты сакташы керек.