Кыргызстандык Самаган Ормонов Испанияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Ал 130 килограммга чейинки салмак ченинде чехиялык спортчуну жеңип, бирок андан соң финалга чыккан ирандык спортчуга жеңилип калды. Ошентип, кыргызстандыкта коло медалга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жубатуучу турнирде Самаган Ормонов азербайжандык Мазаим Марданов менен армениялык Арамайис Харутюнянды жеңип алды.
Эске сала кетсек, 87 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Асан Жанышов алтын медаль тагынган.