21:46
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ысык-Көлдө унаа коюп кеткен жол тескөөчүнүн абалы айтылды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын жаракат алган кызматкери Элистан Арзыбековдун дарылануусу боюнча кеңешмеге катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап 17-августта Улуттук госпиталга санавиация кызматы аркылуу оор абалда түшкөн. Ага баш мээнин оор жаракаты, сол жактагы жоон сан сөөктүн майдаланып сынып кетиши жана башка татаал жаракаттарды камтыган диагноз коюлган.

Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Ошондой эле эртең бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, бейтап Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери. Бишкектен Ысык-Көлгө которулуп барып, кызмат өтөө учурунда унаа коюп кеткен. 17-августта дарыгерлердин уруксаты менен Бишкетеги ооруканага алып келинген.

Эң көп окулган жаңылыктар