Кыргызстанда 28-майга карата 69 миң 919 бала электрондук каттоо аркылуу 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
Ош облусу — 13 926 бала катталды;
Жалал-Абад облусу — 13 956;
Чүй облусу — 10 956;
Баткен облусу — 8153;
Ысык- Көл облусу — 6291;
Нарын облусу — 3998;
Талас облусу — 3616;
Бишкек шаары — 6811;
Ош шаары — 2212.
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. № 26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. № 13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
6. А.С. Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрсө, II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.