Вице-мэр Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды

15:12, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

«Айыпталуучу Максатбек Сазыкуловго карата бир айга камакка алуу бөгөт чарасы колдонулду, башкача айтканда ал 11-майга чейин камакка алынды», — деп билдиришти соттон.

Буга чейин УКМК шаардын вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектинин ээсин калкалаганы үчүн кармалганын билдирген.