12:51, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Буга чейин «Дордой» базарында салык жыйноого жооптуу болгон салык органдарынын беш кызматкери иштен алынды. Бул туурлауу Салык кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду. Алардын кызматтан алынышына УКМК тарабынан «Дордой» базарындагы коррупциялык схема боюнча айыпталып кармалышы негиз болду.
«Учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүүдө. Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында «Дордой» базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды», — деп билдирди мекеме.
Мамлекеттик салык кызматы коррупцияны жоюу, коррупциянын булактарын аныктоо жана анын жайылышына өбөлгө болгон факторлорду нейтралдаштыруу боюнча кеңири масштабдуу чараларды көрүп жатканын белгиленди. Коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү үчүн системалуу түрдө мониторинг жүргүзүлүп турат.