08:40
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери кармалды

Буга чейин «Дордой» базарында салык чогултууга жооптуу болгон Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын «Дордой» соода-базар комплексинин аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары жеке баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталды.

Бул коррупциялык схема 5-6 жыл туруктуу иштеп, алар ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби