Ысык-Көлдө кыз ала качууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Бостери айылынын милиция бөлүмүнө Ысык-Көл районунун 20 жаштагы тургунунан арыз түшкөн. Анын айтымында, ошол эле күнү Корумду айылында «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз үч адам аны никеге туруу максатында ала качып кетишкен.
Арыз Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналында катталган.
Корумду айылынын үч тургуну кармалып, Бостери айылынын милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала сурак учурунда алар күнөөсүн мойнуна алышкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (никеге туруу максатында ала качуу) негизинде кылмыш иши козголду.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөр бир айга камакка алынды.
Тергөө иштери жүрүп жатат.