USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды

09:37, 24 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысын Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Эюбов Ягуб Абдулла тосуп алды.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси — Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омар Султанов;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика