19:34
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында төрт балдар бөлүмү ачылды

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында төрт балдар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык мекеме башчысы Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы № 7 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар амбулаториялык бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты.

«Республика боюнча бизде 2,5 миллионго жакын бала бар, ички миграцияны эске алганда алардын көбү борбордо жашашат. Жыл сайын КРВИ жана сасык тумоо маалында Шаардык балдар ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кезек күтүүлөр катталып, кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн амбулатордук дарыланууга муктаж болгондор түзөт. Балдардын жаңы амбулаториялык бөлүмдөрүнүн ачылышы биринчиден, ооруканалардын жүгүн, кезек күтүүнү азайтат, алардын ишин жакшыртат. Жаш балдар амбулаториялары зарыл жабдуулар жана тажрыйбалуу кызматкерлер менен камсыздалат. Педиатриялык бөлүмдөрдүн оңой жете турган жерде болушу ата-энелердин жашоосун жеңилдетип, балдарына тез арада медициналык жардам алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, өз учурунда медициналык кызматтарды алуу оорулардын алдын алууга жана көйгөйлөрдү эрте аныктоого жардам берет. Жакынкы арада республиканын башка аймактарында да ушундай эле балдар кабылдамаларын ачуу пландалууда», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Балдар амбулаториясы уюштурулду:

  • № 7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Киев көчөсү 154;
  • № 1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында Фучик көчөсү, 13;
  • № 4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Бөкөнбаев көчөсү, 61;
  • № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Тыныстанова көчөсү.

 

Буга чейин совет доорунда борбор калаада 20га жакын балдар ооруканасы болгондугу маалымдалган. Бүткүл өлкө боюнча 700 гана педиатр бар, же 10 миң балага 0,8 туура келет. Өзгөчө региондордо абал оор, 10 миң калкка 0,3 — 0,8 педиатор туура келет.

2023-жылдын башында министрлер кабинетинин башчысы аталган министрликке саламаттык сактоо уюмдарындагы педиатриялык кызматтарды калыбына келтирүү жолу менен балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууну тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар