20:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкек — Каракол багыты боюнча жогорку ылдамдыктагы поезд киргизүү пландалууда

Транспорт министрлиги Бишкек — Балыкчы темир жол каттамын Караколго чейин узартып, жогорку ылдамдыктагы поездди ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди.

Анын айтымында, адамдар Бишкектен Караколго бир жарым-эки саатта жете алышат.

«Долбоорду ишке ашыруу үчүн 4,5 миллиард долларга жакын каражат керектелет. Биз азыр Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле Луговая — Балыкчы багыты боюнча темир жолду электрлештирүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди Ырысбек Бариев.

Эң көп окулган жаңылыктар