09:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Караколдо төрөттөн 23 жаштагы келин каза болду

Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин көз жумду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жаңыл Акунова билдирди.

Анын айтымында, Ак-Суу районунун Токтогул айылынын тургуну 9-сентябрда түнү оор абалда түшкөн.

«Бийик тоолуу аймак болгондуктан туугандары аны Түп районуна жөнөтүп, ал жерде үч күн болгон, бирок медициналык жардам алуу үчүн эч кимге кайрылган эмес. Дем алуусу начарлагандан кийин аны түндө Караколдогу төрөт үйүнө алып келишкен. Дарыгерлер операция жасап, аппаратка туташтырышкан. Тилекке каршы, бир сутка ичинде абалы жакшырган эмес», — деди Жаңыл Акунова.

Аялдын 36 жумалык боюнда болгон, каттоодо турган. Ымыркай азырынча ооруканада жатат.

Эске салсак, август айында Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы келин каза болуп, ымыркайдын төрөлгөндө акыреги сынган.

Эң көп окулган жаңылыктар