13:53
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Махачкала: май куючу жайдагы жарылуудан 35 киши каза болду

Махачкаладагы май куюучу станциядагы жарылуудан улам набыт болгондордун саны 35 адамга жетти. Россиянын МЧС кызматы урандылардын алдынан дагы беш адамдын сөөгү табылганын билдирди. Дагы 75 адам ар кандай оордуктагы жаракат алган.

Дагестандын башчысы Сергей Меликов 14-августтта Махачкаланын чет жагындагы май куюучу жайда катуу жарылуу болгонун кабарлады.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, саат 21:50 чамасында Махачкаланын жанындагы Новокули айылындагы Кулинская көчөсү менен Федералдык шоссенин кесилишинде жайгашкан автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган.

ТАСС басылмасы, май куюучу жайда сегиз цистернанын экөөсү жарылганын жазды. Өрт 600 чарчы метрди аянтты каптаган, үч сааттан кийин өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 70тен ашуун адам жана 20 техника тартылган. Окуя жеринде 200гө жакын полиция кызматкери нөөмөттө турган. Дагестандын башчысы белгилегендей, ыкчам кызматынын кызматкерлеринин аракети менен «биринчи жарылуудан кийин калган күйүүчү майдын жарылышын алдын алууга мүмкүн болду. Бул дагы да оор кесепеттерге алып келмек».

Учурда жарылуунун себептери такталууда.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Дагестан бийлиги жарылууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль бөлүп берүүнү убадалады. Ал эми оор жана жеңил жаракат алгандарга 400 миң жана 200 миң рубль өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилет. 15-августта каза болгондорго аза күтүү жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар