USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

«Барби» тасмасы дүйнөлүк прокатта миллиард доллар чогултту

09:06, 08 августа 2023, Бишкек - 24.kg

«Барби» комедиясынын авторлору тасма дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапканын айтышты, муну серепчилер да тастыкташты.

«Барби» азыр кассада 2023-жылдын эң көп киреше тапкан экинчи тасмасы болууда. The Super Mario Bros («Бир тууган Супер Мариолор») 1,35 миллиард доллар менен 1-орунда турат. Буга чейин жарыкка чыккан бардык тасмалардын ичинен «Барби» прокаттагы ийгилиги боюнча 45-орунда.

«Барби» режиссёр айым тарткан эң көп киреше тапкан тасма болгону белгиленүүдө. Ага чейин Пэтти Женкинстин 2017-жылы жарыкка чыккан Wonder Woman тасмасы прокатта болжол менен 822 миллион доллар чогулткан.

Расмий түрдө «Барби» орус кинотеатрларында көрсөтүлгөн жок. Анткени Голливуд студиялары Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан кийин Орусиядан чыгып кетишкен.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика