Казак мушкери Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды

14:43, 24 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Ички иштер министрлиги мушкер Бейбут Шуменовго издөө жарыялады.  Маалыматка караганда, органдар Бейбут Шуменовду эки күндөн бери таппай келет.

Белгилей кетсек, 18-июнда MEGA Silk Way соода борборунда казакстандык белгилүү мушкер Бейбит Шуменов баласын кармап олтурган кыргыз жаранын сабаган. Спортчуга «бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. 

Мушкер өзү кыргыз жаранын айыптап, ал коргонуу аракетин көргөнүн билдирди. Бирок интернетте жарыяланган видеодо Бейбут Шуменовдун кол салуусун көрүүгө болот.