09:09
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Казак мушкери тарабынан сабалган кыргыз жаранынын иши ТИМдин көзөмөлүндө

Астанда шаарындагы MEGA Silk Way соода борборунда сабалган кыргыз жаранынын иши Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Жабырлануучу 13-июлда Астанадагы кыргыз элчилигине чакырылып, кеңеш берилген.

Белгилей кетсек, 18-июнда MEGA Silk Way соода борборунда казакстандык белгилүү мушкер Бейбит Шуменов баласын кармап олтурган кыргыз жаранын сабап салган. Спортчуга учурда «бейбаштык» беренеси менен иш козголду.

Окуянын видеосу интернетте тарады.

Бейбут Шуменов видеону өзүнүн инстаграм баракчасына жүктөп, кыргыз жараны ага карата үстөлдөн вилка жана бычакты алып тап бергенин айтат. Мушкердин айтымында, мигрант колундагы баласы калкан катары коргонгон. Ал кыргыз жараны эч кандай жабыркабаганын жана баланын апасы андан кечирим сураганын белгилейт.

Бейбут Шуменов анын атына айтылган сын-пикирден улам, алгач инстаграм баракчасындагы комментарийлерди жаап салды. Кечээ кайра ачып, бирок, аны колдогон гана комментарийлерди калтырууда.

Бирок, видеодон казак мушкери колунда бала кармап олтурган кишиге өзү басып келип, аны мойнунан тартып сүйлөгөнүн көрүүгө болот. Кыргыз жараны мушкерден үстөлдөгү шаймандар аркылуу коргонууга аракеттенет. Бейбут Шуменов баланын ыйлаганына жана ортодогу адамдардын бөлүштүргөнүнө бой бербей, кишини кайра-кайра муштаган. Кыргыз жараны баласын коргоо аракетинде мушкерден алыс кармап, ыйлап жатканда соороту үчүн колуна кайра алганы дагы көрүнүп турат.

Мушкер 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Казак ЖМКларынын маалыматында, Бейбут Шуменов үй-бүлөсү менен АКШда жашап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума