2022-жылы Кыргызстан колбасынын Орусияга экспортун 23 эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Өткөн жылы 344,6 тонна колбаса Орусияга жеткирилген. 2021-жылы экспорт көлөмү 15,2 тоннаны түзгөн.
Колбасынын жалпы көөлөмдүк наркы 22 эсеге өсүп, 1,4 миллион долларды түздү.
2022-жылы Кыргызстан Казакстанга — 1,4 миң тонна, Өзбекстанга — 19, 4 тонна колбаса ташыган.