09:52
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын XI пленардык отуруму болот

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот.

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышат.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат. 

Эң көп окулган жаңылыктар