19:14
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров Балыкчыда «Байрактарды» сынап көрдү

Ысык-Көл облусунда «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров дагы катышууда.

Өлкө башчысы Кыргызстан тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзөөрүн белгиледи.

«Өзүңүздөр билесиздер, азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары көп кырдуу жана аймактар аралык мүнөздө. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардын жогорку деңгээлде сакталып турушу өзгөчө кооптонууга алып келет. Бул коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган эмиссарлардын жана согушчан топтордун өлкө аймагына кирип келүү ыктымалдыгы, алардын жашыруун аракеттери менен шартталган. Бул өңүттөн алып караганда, ар түрдүү коркунучтарга ыкчам жана тийиштүү жооп кайтарууга жөндөмдүү болгон улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумун өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл», — дейт ал.

Садыр Жапаров бүгүнкү машыгууларда Кыргызстанда алгач ирет учкучсуз учуучу аппараттардын, көп максаттуу автоунаалардын жана курал-жарак менен техникалардын, дагы башка заманбап каражаттардын колдонулганын айтты.

«Буга чейин улуттук жана аймактык коопсуздукту камсыздоо үчүн бир катар чечимдерди кабыл алып, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн дараметин кадыресе жогорулатууга тийиштүү тапшырмаларды берген элем. Биз күбө болгон иш-чарада коопсуздукту камсыздоонун, түзүмдөрдүн дараметин жогорулатуунун өнүгүү темпи байкалып олтурат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар