Кыргызстанда жылына аборт жасаган 2-3 аял набыт болот. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду маалымдады.
Алардын билдирүүсүндө, 2015-жылдан бери бир жылда 20 миң аборт катталат. Акыркы эки жылда,
COVID-19га байланыштуу боюунан алдыруу саны 20-25 пайызга төмөндөдү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үй-бүлөнү пландоо жана бойго бүтүүдөн сактануу каражаттарын колдонуу зарылчылдыгын белгилейт.
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, Кыргызстанда сактануу үчүн көбүнчө маткага салынуучу спираль колдонулат. Андан кийинки орунда презерватив турат.