11:26, 14 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Өлкө боюнча 968 адам ооруканада вирустан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, дагы 1 миң 58 бейтап үйдөн дарыланууда.
Ооруканада жаткандардын 23 пайызы оор, 4 пайызы өтө оор абалда.
Акыркы сутка ичинде 5 миң 495 адамга ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Март айынан бери 90 миң 839 киши вируска чалдыгын, 1 миң 534 бейтап көз жумду.