Флорида штатынын педиатрлары Пол Гилберт менен Чэд Рудник жаңы төрөлгөн ымыркайдын канынан Covid-19дан коргогон антитулку аныкталганын ырастады. Бул тууралуу ВВС кыргыз кызматы билдирет.
Балдар дарыгери Гилберттин айтымында, саламаттыкты сактоо тармагында иштеген медайымдардын бири январда Moderna вакцинасы менен эмеделген. Медайым кош бойлуу эле жана үч айдан кийин көз жармак.
Дарыгерлер энеден балага антитулку өтөбү же жокпу деген сурооого жооп издеп көрүүнү чечкен. Жарык дүйнөгө келген ымыркайдын кан анализин дароо алып текеришти. Энесинен өткөн антитулку аныкталды. Бул табигый жол менен пайда болгон антитулку эмес, эмдөөдөн кийин гана иштелип чыккан дейт адистер. Анткени энеси төрөттөн алдын коронавируска тест тапшырып, вирус жок экени аныкталган. Коронавирус менен ооруп айыккан кишилерде табигый жол менен антитулку иштелип чыгат.
Дарыгерлер бул ачылыш энелерди эмдөөдөгү артыкчылыктар, ымыркайды алдын ала эле коронавирустан коргоо тууралуу иликтөөгө жардам берет деп үмүттөнүүдө.