11:30, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында УКМКнын имаратынын алдында мурдакы муфтий Максат Токтомушевди колдоо митинги өтүүдө. Ага көбүнчө жаштар катышууда.
Алар Максат Токтомушевди боштондукка чыгарып, ишин калыс тергөөнү талап кылышууда.
Алардын айтымында, мурдакы муфтийдин күнөөсү али далилдене элек. «Муфтиятты акчаны банкка депозитке койгондугу үчүн гана айыптап жатышат», — дейт ал.
УКМКнын билдирүүсүндө, ажылыкка топтолгон акча финансалык уюмдарга карызга берилген. Андан тышкары, муфтияттын бухгалтери атайын кызматтын өкүлдөрү 100 миң доллар эсебинде пара сунуштаган.
Муфтияттын маалыматында, 2019-2020-жылы ажылыкка 18,5 миллион доллар топтолду.
Максат ажы Токтомушев кечээ кызматын тапшырган.