12:23
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып албайт

Түркия Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын сатып албайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожага шилтеме кылып билдирди.

Анын айтымында, препарат тиешелүү лабораториялык изилдөөлөрдөн өтпөгөндүктөн, дүйнөнүн бар да өлкөсү аны колдонууга уруксат бере албайт.

Министр кеп кайсы вакцина жөнүндө болуп жатканын тактаган жок. Бирок буга чейин Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги Түркия «Спутник V» вакцинасын сатып алууга кызыгып жатканын билдирген.

Reuters Түркия Кытайдын Sinovac Biotech компаниясынан 50 миллион даана вакцина сатып алганын, жапырт эмдөөнү декабрдын ичинде баштоону пландап жатканын жазды. Фахреттин Кожанын айтымында, Анкара ошондой эле 2021-жылдын соңуна карата Pfizer жана BioNTech компанияларынын 25 миллион даана вакцинасын сатып алууга ниеттенүүдө.

ТАСС агенттиги «Спутник V» вакцинасын колдоо менен алектенген Түз инвестициялар фондундагы булагына шилтеме кылып, Түркия препараттан баш тартпаганын, сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар