Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда күн сайын 400-500 кишиден вирус аныкталууда. Март айынан бери 71 миң 548 киши вируска чалдыгып, анын 1 миң 256сы коронавирустан каза тапты.
Убакыт керек
Сууну көп ичиңиз
Ковид менен ооругандар күнүнө эки литрдлен кем эмес суу ичиши керек. Ар кандай жемиштерден шире, лимон менен чай жана жөн эле суу ичип туруңуз.
Айран жана башка кычкыл суусундуктар дагы ашыкча болбойт. Алар ашказандын калыбына келишине жардам берет.
Майлуу тамактарды азайтуу зарыл
Адистер тооктун, үндүктүн жана уйдун майсыз этин сунуштайт. Этти куурубай, кайнатып бышырган оң. Жемиш менен жашылчаларды дагы көбүрөөк колдонуңуз. Ашказанды толтуруп кыйноонун зарылчылдыгы жок. Кум-шекерди азайтып, куурулган, ышталган тамактарды токтотуш керек.
Оор күчтү токтотуу
Кыймыл-аракетти акырындап көбөйтүү керек. Алгач көбүрөөк басып, сейилдөөнү улам-улам узартып тууру зарыл. COVID-19дун оор формасы менен ооругандар дене көнүгүүлөрү боюнча дарыгерлен кеңеш сураганы эп.