Кыргызстанда 157 мектеп окуучусу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 7 жаштан 17 жашка чейинкилерде катталууда.
«Алар вирусту мектепте эмес, үй шартында жугузуп алышкан», — дейт ал.
Белгилей кетсек, сентябрда 48 бала, октябрда 315 бала вирус жуктурду.