COVID-19 илдетинен бир суткада 3 киши каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 2, Ош шаарында — 1 киши көз жумду.
Март айынан бери 64 миң 360 жаран вируска чалдыгып, анын 1 миң 188и көз жумду.