Тыюу салынганына карабастан, Жалал-Абадда эки чайкана иштеп жатыптыр. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инспекторлор ишине тыюу салынган объектилерди (ресторан, чайкана, мончо жана интернет-клубдар) кыдырып чыгышты. Рейд убагында эки чайкана иштеп жатканы аныкталды, алардын ээлерине жаза пул салынып, электр энергиясын жана суусун өчүрүп салышты.
Компьютердик клубдар да жаза пулга жыгылып, айрымдарынын жарыгын өчүрүп салышты.