Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 538 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 139, Ош шаарында — 23, Чүй облусунда — 40, Ош облусунда — 52, Талас облусунда — 25, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 31, Жалал-Абад облусунда— 86, Баткен облусунда — 125 кишиден вирус табылды.
Март айынан бери 57 миң 276 кишиден вирус аныкталды.