Factcheck.kg сайты Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматында иштеген туугандары жана жакындарынын тизмесин жарыялады, ага 30га жакын адам кирди.
«Булардын жарымы бажыканага 2017-жылдын декабрь айына чейин орношкон. Эске салсак, ошол мезгилде Райымбек Матраимов МБКнын төрага орун басары болуп турган. Тизмеде мурдагы аткаминердин жакын туугандары, жана Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык EREM спорттук клубунун мүчөлөрү да бар», — деп жазылат маалыматта.
Ал тизмеге төмөнкүлөр кирди:
Нурсеит Сыдыков — Райымбек Матраимовдун бир тууган жээни. Борбордук бажыкананын аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкери;
Нурсултан Турсунбаев — Райымбек Матраимовдун бир тууган жээни. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;
Азизбек Токонов — Райымбек Матраимовдун бир тууган жээнинин жолдошу. Майор, Ош бажыканасынын процедура борборунун жетекчиси;
Таалайбек Токторов — Райымбек Матраимовдун тай жездеси. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;
Таалайбек Токторовдун эки тууганы Эркин менен Байсал да инспектор болуп иштешет;
Искендер Тургунов — Райымбек Матраимовдун жубайынын бир тууган агасы. «Түндүк» темир жол бажыканасынын жетекчи орун басары;
Асанбек Мурзакасымов — Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимовдун күйөө баласы. «Кант» бажыканасынын инспектору;
Алмаз Арзиев — Искендер Матраимовдун кудасы. Бажы кызматынын процедура бөлүмүн жетектечү, азыр пенсияга чыккан;
Руслан Романов — Искендер Матраимовдун жубайынын бир тууганы. «Карамык» пунктунун инспектору;
Запарбек (Зафар) Айдаров — Тилек Матраимовдун кудасы. «Бишкек» бажыканасынын улук инспектору;
Эркинбек Айдаров — Запарбек Айдаровдун бир тууганы. Кара-Суудагы темир жол бажыканасынын инспектору;
Эламан Жунусов — Райымбек Матраимовдун өкүл баласы, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусовдун уулу. «Манас» бажыканасынын улук инспектору;
Данияр Абдыраимов — EREM футбол клубунун башкы машыктыруучусу. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;
Адилет Култаев — EREM футбол клубунун оюнчусу. Түштүк-батыш бажыканасынын бөлумүнүн жетекчи орун басары;
Эламан Аринов — EREM футбол клубунун оюнчусу. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору;
Нуртилек Жайлобаев — EREM футбол клубунун оюнчусу. Ыкчам бажыканасынын аткезчилер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери;
Жамалидин Мусаев — курама команданын жана EREM волейбол командасынын оюнчусу. Борбордук бажыкананын кызматкери;
Асан Сатыбалдиев — EREM волейбол командасынын оюнчусу. Борбордук бажыкананын кызматкери.
2019-жылы сынактын жыйынтыгы боюнча МБКга орношкондордун тизмеси:
Токтоболот Тилекбеков — Тилек Матраимовдун уулу. 2020-жылы бажыканага келген, алгачкы маалымат боюнча «Маданият» постунун инспектору;
Айжан Нурмаматова —Исламбек Матраимовдун жубайынын сиңдиси. МБКнын камсыздоо бөлүмүңдө иштейт;
Бектур Медеров —Райымбек Матраимовдун тай жездеси. «Манас» бажыканасынын инспектору;
Семетей Анарбаев — Финчагындоонун жетекчиси Гүламжан Анарбаевдин, Матраимовдордун кудасынын уулу. Азырынча ал бажыкананын кадрлар резервинде;
Кумар Жалиев — кикбоксер жана Райымбек Матраимовдун жан сакчысы. Жакындан бери бажыканада иштейт;
Нургазы Жорошев — аткезчилер менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери. 2019-жылдын сентябрь айында «Азаттыктын» операторуна кол салууга катышкан. Ошондо журналистке бир нече адам кол салып, камера, телефон жана башка буюмдарын тартып алышкан. Жорошев кол салууга шектүүлөрдүн арасында катталган;
Илимбек Аттокуров — дзюдо боюнча EREM клубунун машыктыруучусу. Кадрлар резервинде;
Эламан Дуулатов — Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таировдун уулу. Таировдун бир тууганы Искендер АКА Petroleum компаниясынын бизнес-өнөгү, аны Райымбек Матраимов менен чогу бизнес алып барган Хабибула Абдукадыр менен байланыштырышат;
Хан-Бото Борбиев — ырчы Бек Борбиев, Райымбек Матраимовдун жакын курбусунун уулу. «Манас» бажыканасынын инспектору;
Алихан төрө Марифов —Матраимовдордун кудасынын уулу. Түштүк-батыш бажыканасынын инспектору.
Иликтөөчүлөрдүн айтымында, бул тизме туу чокунун көрүнгөн гана жагы. «Өз» адамдарын кызматка орноштуруу масштабы мындан да зор болушу мүмкүн.