Баткен облусунда өткөн суткада 118 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Облустан акыркы бир айдан бери ооругандардын саны өсүүдө. Облуста ооругандардын саны 4 миң 301 кишиге жетти.
Өткөн суткада Бишкек шаарында — 42, Ош облусунда — 67, Чүй облусунда — 27, Ош облусунда — 52, Талас облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 57 кишиден вирус табылды.
Март айынан бери вирус жуктургандардын саны 52 миң 910га жетти.