Кыргызстанда март айынан бери 1 миң 254 бала вируска чалдыкты. Бул тууралуу брифингде медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нүргүл Ибраева билдирди.
Анын айтымында, бир жашка чейинки курактагы 123 наристе, 1-6 жаштагы — 434, 6-14 — жаштагы 697 баладан коронавирус аныкталды.
«Өткөн жылы 1 миң 568 бала пневмония менен ооруса, быйыл эки эсе аз бала бул илдетке чалдыкты», — дейт Нүргүл Ибраева.
Балдарды коронавирустан дарылоо үчүн беш мекеме даярдалды: Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, № 3 шаардык балдар ооруканасы, Ош облустук балдар ооруканасы, Кара-Суу райондук балдар ооруканасы, Республикалык инфекциялык ооруканасы.
Балдар үчүн 2 миң 356 орун даяр.