Өлкө боюнча бир сутка ичинде 175 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Ош облусунда жугузгандардын саны эң көп катталды (55). Баткенде -41, Жалал-Абад облусунда - 22, Ош шаарында -22, Бишкек шаарында - 18, Чүй облусунда – 5, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда– 3, Ысык-Көл облусунда – 7.
Март айынан бери коронавирусту 45 миң 932 киши жугузуп, 1 миң 63 киши каза тапты.