Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусундагы эки медкызматкерден вирус аныкталды.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3174 учур катталды, алардын ичинен 2710 медкызматкер айыгып чыкты.