Коронавируска кабылган 507 бейтап стационарда дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, дагы 1 миң 903 бейтап үйдөн дарыланууда.
Өткөн суткада өлүм катталган жок.
Март айынан бери 44 миң 928 киши вирус жуктуруп, 1 миң 61 адам кайтыш болду.
Медициналык кызматкерлер арасында — 3 миң 172 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 699у айыгып чыкты.