09:34
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

COVID-19. Вирустан каза болгон 21 медиктин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү

Вирустан каза болгон 21 медиктин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, иш ордунда вирус жугузган жана каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөө уланып жатат.

«Ошентип 11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар