Коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 785, 4 миллион сом кошумча төлөнүп берилди. Бул тууралуу брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.
«2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү.
1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы — 1 млрд 425 млн сом», — деди Кубатбек Боронов.