Саламаттыкты сактоо министрлиги ковид жана пневмония менен ооругандардын статистикасын түзүү менен алек. Эл арасында бүткүл дүйнөнү каптаган жаңы вирус тууралуу көптөгөн суроолор жоопсуз калууда. АКШда жана Россияда COVID-19 каршы колдонула баштаган препараттар канчалык деңгээлде натыйжалуу? Эмне үчүн өлкөдө пневмония илдетинен улам каза болгондордун саны кескин көбөйүп кетти?
Аткаминерлер тарабынан COVID-19-вирусунун жайылышын болтурбоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар натыйжалуубу? Дарыгер Эркин Жаманбаев 24.kg агенттигинин ушул жана башка суроолоруна жооп берди.
Ал Бишкектен бир нече ай мурун Словакияга кеткен, учурда Нейрореабилитация борборунда иштейт.
— Коронавирус илдетине каршы сунушталып жаткан ремдесивир жана авифавир препараттарын эмне үчүн колдонууга болбойт деп эсептейсиз? Бул препараттарды АКШ менен Россия расмий түрдө COVID-19 вирусуна каршы колдонууга сунушташты. Ошондой эле Дүйнөлук саламаттыкты сактоо уюму, учурда жаңы вируска каршы колдонууга мүмкүн болгон бир гана ремдевисир препараты экендигин белгилейт.
— Ремдесивир препараты бир катар мамлекеттерде коронавирус илдетине каршы колдонулуучу шарттуу бекитилген дары-дардармектердин тобуна киргизилген. Изилдөө иши жаңыдан башталды. Азырынча медициналык журналдарда ремдесивир дарысы абалы оор бейтаптардын өлүмүн азайтышы мүмкүн деген пикирлер бар. Бирок ал препаратты өндүрүү өтө чектелүү. Алдын-ала кезекке турган өлкөлөр бар. Кыргызстанга качан кезек келери белгисиз.
Мындан сырткары, бир бейтапты дарылоо курсуна 5 ампула кетет, ал эми анын баасы 2 миң 340 долларды түзөт. Батыш тараптын аны сатып алууга кудурети жетет. Бирок кыргызстандыктардын чөнтөгү ага туура келбейт . Ошондой эле өлкөдөгү белгилүү фармацевтикалык мафиялардын айынан 10 миң долларга чейин көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Илгертен келе жаткан эреже катары баягы эле байлар, жемкорлор, уурулар сатып алышат.
Ремдесивир препараты ошондой эле олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Андыктан ооруканалар, лабораториялар жана медайымдар буга даяр болушу керек.
Авифавир — тумоого каршы колдонлуучу япон препаратынын орусча аталышы.
Болбосо чыныгы фавипиравир препаратын Кытайда, Италияда жана АКШда коронавируска каршы колдонуп көрүшүп, эч кандай натыйжалуулугун таба алышкан эмес.
— Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны кескин түрдө көбөйдү. Мунун себеби эмнеде?
— Бул КМШ аймагындагы орус тилдүү мамлекеттерде орун алган саясий манипуляциялоо. Пандемия учурунда Россия, Казакстан, Кыргызстан өлкөлөрүнөн башка дүйнө жүзү боюнча бир дагы мамлекет COVID-19 жана пневмония деп бөлгөн жок.
Белгилүү болгондой, пневмония — коронавирустук инфекциянын түздөн-түз кесепетинен улам вирустук жөндөмдүүлүгүнө ээ болот. Адамдын организминдеги иммунитет клеткаларын басаңдатуу менен өпкөдө жана башка органдарда экинчи инфекцияны пайда кылат.
Эркин Жаманбаев.
Пневмониядан сырткары, өпкө тамырларында тромбоэмболиялык жабыркоо пайда болуп, COVID-19 илдетинин өрчүп кеткендигинен васкулит менен пневмонит козголот. Өлүмдүн жогорку деңгээли бир катар факторлорго байланыштуу:
— калк жана коомдук уюмдар тарабынан эпидемиологиялык режимди толугу менен сактабоо;
— Ятрогендик өлүм, (адамдын физикалык же эмоционалдык абалынын начарлашы, медициналык кызматкер тарабынан атайылап провокациялоо) дарыгерлер тарабынан бейтаптын организмине карама-каршы келген жана көрсөтмөсүсүз дары-дармектердин колдонулушу;
-Медициналык кызматкерлердин иши алардын жөндөмдүүлүгүнөн эмес, аткаминерлердин акмакчылыгы менен аныкталат;
— Пневмония илдетинен каза болуу тобокелчилигинин тобуна улгайган адамдар кирет деп айтылган, бирок эмне үчүн көбүнчө жаштар каза болуп жатат?
— Мен жогоруда айтып өткөн себептерден тышкары, жаштар — бул интеллектуалдык нигилизмден жапа чеккен коомдун категориясы: «Коронавирус жок», «Мен жашмын жана күчтүүмүн», «Мага баары бир»... Дал ушул топ изоляция режимин бузуп, инфекциянын жайылуусуна көрүлүп жаткан чараларды, эскертүүлөрдү четке какты.
— Коронавирус илдетинин жаңы учурлары аныкталып баштаганда өкмөт көчөлөрдү жана базарларды дезинфекциялоо чечимин кабыл алган. Ага мамлекеттин бюджетинен миллиондогон акчалар сарпталды. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун пикиринде, вирус көчөдө жатпайт жана жуктурбайт. Бул боюнча оюңуз кандай?
— Эми аткаминерлердин көбүнүн интеллектуалдык деңгээли төмөндүгүн жана акчаны аябай жакшы көрүшөрүн биз баарыбыз жакшы билебиз. Бул тууралуу пикир калтыруунун эч кандай мааниси жок.
— Жакында эле коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирустан коркуу жана дүрбөлөңгө түшүү пневмонияга алып келерин айтты. Чындыгында эле ушундайбы?
— Менин оюмча, ал өзүнүн изилдөөлөрүн медициналык журналдарга жарыялашы керек окшойт, анда пневмония илдетинин жаңы себептерин ачкандыгы үчүн Нобель сыйлыгын алуу мүмкүнчүлүгү бар.
— Кандай учурда өпкөнү компьютердик томографияга тартуу керек?
—Бир гана дарыгердин көрсөтмөсү менен гана тартууга мүмкүн.
— Кыргызстандыктар учурда массалык түрдө кычкылтек концентраторун сатып алып жатышат. Аны кандай абалдагы бейтапка колдонуу керек? ИВЛ аппаратына жана мембрандык оксигенаторуна кайсыл учурда кошуу керек?
— Кычкылтек концентратору өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары бар бейтаптар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, мисалы, астма, обструктивдүү бронхит, өпкө фиброзу ж.б. Ал эми ИВЛ аппараты адам өз алдынча дем ала албай калганда колдонулат.
Бүгүнкү күндө өлкөдө мембрандык оксигенатору жок. Бул жасалма өпкө, бейтаптын венасынан кан алып аппаратка куят, жана ал жер кычкылтек менен толуп, адамга кайрадан сайылат. Бул өпкөсү жабыркаган бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуунун бирден-бир жолу. Мындай жагдайда эч бир ИВЛ, жада калса кычкылтек концентратору жадам бербей калат.
— Анда эмне үчүн Кыргызстанга ал аппаратты алып келбей жатышат? Же өтө кымбатпы?
—Маселе анын баасында эмес, кесипкөй реаниматологдордун кеңешин эч ким укпагандыгында. Баары популизмге барып такалат. Андан сырткары, өлкөдө жүзгө жакын эле реаниматолог-анестезиолог бар. Алар физикалык жактан жогорудагы аппарат менен кызмат көрсөтүүгө жетишишпейт. Аны менен катар биздеги стационарлар ага ылайыкташтырылган эмес. Мамлекетибизде канча интенсивдик терапия бар? Анда канча орун бар? Бул тууралуу эч кимде маалымат жок. Эпидемиядан мурун эле республикабызда жөнөкөй эле жол кырсыгына кабылгандарды жана уулангандарды операция жасоодо реаниматолог-анестезиологдор жетишсиз болчу.
— Кычкылтек концентраторун өз алдынча колдонууга болобу? Колдонууда эмнелерди эске алуу керек?
— Ооба, болот. Кычкылтектин концентратрун, бериле турчу көлөмүн жана бет каптын типтерин эске алуу керек. Ошондой эле кан басымды көзөмөлдөп туруу абзел.
— Кыргызстандын экономикалык деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу коронавируска каршы вакцинаны сатып ала албай калышы мүмкүнбү?
— Кыргызстан бир нече ай мурун эле жетишээрлик каражат алган. Анда жаңы препараттар жана вакциналар каралган жана өлкөбүзгө чектелген өлчөмдө белек катары берилет деп ойлойм.
— Сиз чет өлкөдө жүрүп Кыргызстандагы абал тууралуу кабардар болуп турасыз. Өкмөтүн коронавирус илдети менен күрөшүнө болгон бааңыз?
— Мен өкмөттүн коронавус менен күрөшүүсүн көрбөй жатам. Менин көз карашымда, алар түздөн-түз чагымчылдык менен гана алектенип жатышат.
— Оорунун симптомдору аныкталганда өзүн кандай алып жүрүү керек? Балким, кандайдыр бир альтернативдүү чечим бардыр.
— Бул туурасында сиз дагы ойлонуп көрсөңүз, эмне кылуу керектигин түшүнүп каласыз: Кыргызстанда бир эле мезгилде пневмониялык чума оорусу жана Эбола вирусунун эпидемиясы башталды. Медициналык кызматкерлердин көбү каза болду. Чек аралар жабык. Сиздин аракеттериңиз? Эмне кылуу керек, биринчичи — толук түрдө изоляциялоо жана аралыкты сактоо. Экинчиси — дезинфекция жана жеке коргонуучу каражаттарды колдонуу.
— Айтсаңыз, Словакия коронавирус илдетине каршы кандай чараларды көрдү?
— Бул жакта вируска каршы атайын күрөш деле болгон жок. Өкмөт вирусологдордун, эпидемиологдордун, саламаттыкты сактоо жана башка адистерден турган штаб түздү. Алардын бардык сунуштарын кабыл алып чечим чыгарды. Жарандар бардык көрсөтмөлөрдү аткарышты. Эпидемия болгон жок. Өлкө кырдаалдан эң сонун чыгып, учурда 20 мамлекеттин чек арасын ачты.