Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы коронавируска чалдыкты

14:56, 24 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон коронавирус аныкталды. Ал президентти Москвага коштоп бармак. Аны менен катар Сооронбай Жээнбековдун сакчыларынын биринен дагы коронавирус аныкталган.

Президенттин пресс-кызматынын айтымында, Сооронбай Жээнбековдун алгоритмине ылайык, делегациянын мүчөлөрү жана Москвага коштоп бара жаткан жактар коронавируска карата тест тапшырышкан. Данияр Сыдыковдун жана сакчылардын биринен коронавирус аныкталган.

Буга чейинки маалыматтарда камтылгандай, Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышуудан баш тарткан.