14:02, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Өкмөт мүчөлөрүнө мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда бет кап режимин жана санитардык аралыкты сактабагандыктары үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдады.
Маалым болгондой, жалпы 28 аткаминерге айып пул чегерилген. Алардын арасында премьер-министр Кубатбек Боронов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана вице-премьер-министрлер бар.
Айып пулдун жалпы суммасы 140 миң сомду түзөт.
Эске салсак, социалдык тармакта өкмөттү өкүлдөрү санитардык норманы сактабагандыгы үчүн катуу сынга алынган. Кийин президент министрлер кабинетинен айып пул төлөөнү талап кылган.