Кадамжайда адам уурдап анын ордуна 950 миң сом талап кылышкан

12:32, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кадамжай районунда адам уурдоого шектүү үч адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБ 24.kg агенттигине маалымдады.

Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлерине 43 жаштагы А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу аны уурдап кетишкендигин жана ири суммадагы акча талап кылышкандыгын билдирген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө, белгисиз адамдар арыз ээсинин уюлдук телефонуна чалып, үйдөн чыгуусун суранышкан, андан соң аны унаага салып кетишип талаага алып барышкан. Ал жактан ага 950 миң сом таап берүүсүн талап кылышкан. Эгер ал ири суммадагы акчаны таап бербесе өлтүрөбүз деп коркутушкан. Кадамжай райондук ИИБнин кызматкерлери бул кылмыш ишине шектүү үч адамды кармашты. Алардын ичине бирөө мурда соттолгон”, - деп берилет ИИБдин маалыматында.