Жалал-Абад мэриясы карантинге жабылды: дагы үч кызматкерден вирус аныкталды

11:43, 23 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад мэриясы карантинге жабылды. Бул тууралуу шаардын муниципалитетинен 24.kg агенттигине маалымдашты.

Мындай чечимди кечээ дагы үч кызматкерден коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алышкан. Белгилүү болгондой, мэриянын бардык кызматкерлери коронавируска карата тест тапшырышкан.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун мэри Мураталы Тагаев коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон. Ал кайдан жугузуп алганы дагы деле белгисиз. Оору жеңил өтүүдө.