04:36
USD 84.80
EUR 98.41
RUB 1.19

Жалал-Абад облусунун мэри Мураталы Тагаевден коронавирус аныкталды

Жалал-Абад облусунун мэри Мураталы Тагаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынан билдиришти.

Такталгандай, мэрден ПЦР-анализи боюнча COVID-19 вирусу аныкталган. Мэрия аппаратынын бардык кызматкерлери тест тапшырууга милдеттендирилген. Жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Жалал-Абад шаардык мэриясы штаттык режимде жумушун улантууда.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 132 жаңы учур катталды. Жалпы 2 миң 789га жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар