Сокулук районунун прокурорунан коронавирус аныкталды

17:14, 22 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Сокулукта райондун прокурорунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар маалымдашты.

Такталгандай, прокурордун оорусу жеңил өтүүдө. Ал эми ал COVID-19 вирусу аныкталган милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен байланышта болгон.

Эске салсак, буга чейин Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы коронавирустан айыккан. Коронавирус анын аялына да жуккан.