Бишкектин Толстой көчөсүндө мотоцикл күйүп кетти
13:19, 19 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарынын Толстой көчөсүндө мотоцикл күйүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милициянын кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, окуя бүгүн саат 9:00 чамысында болгон. Айдоочу мотоциклди башкара албай калып соода түйүндүн тушунда жыгылган, ал эми мотоцикл өрттөнүп кеткен. Кырсыктан жабыркаган айдоочу Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жеткирилген.