14:48, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте болуп өткөн жол кырсыктан улам Ыкчам медицина борборунун кызматкерлери жабыркашты. Бул тууралуу жол кырсыктын күбөлөрү 24.kg агенттигине маалымдашты.
Белгиленгендей, тез жардам унаасы чакыруу боюнча бара жатканда КамАЗ сүзүп кеткен.
Тез жардам унаасы кызыл күйүп турганда өтүп бараткан. Капталынан унаа сүзгөндө светофорго барып кептелип калган.
Окуя болгон жерде калаадагы Патрулдук башкармалыктын кызматкерлери иш алып барышууда.