10:57, 18 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште жергиликтүү жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турурскулов жыйында билдирди.
Ал БШК төрагасынан бул иште канча акча үнөмдөлө тургандыгын сурады.
Ал белгилегендей, бир күндө добуш берүү менен чыгымдарды үнөмдөө мүмкүн, бирок башка жагдайларды эске алуу керек. Тактап айтканда, жарандардын ден-соолугунун коопсуздугун.
Депутат Марлен Маматалиев БШКнын жетекчисинин пикирин колдоо менен бирге маселе бир гана каражатта эмес, ден-соолукта экенин билдирди.
«Учурда коронавирустун жайылуу коркунучун баарыбыз тең көрүп турабыз, аны менен катар элди кайра-кайра шайлоого мажбурлабай октябрда бир убакта өткөрүлүшү керек», — деп баса белгиледи.
Нуржан Шайлдабекова БШК бул маселени мыйзамын негизинде карап чыгууну убада кылды.
Эске сала кетсек, шайлоо Ошто, Караколдо, Балыкчыда, Токмокто жана 25 айылдык кеңешке болот. Шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан.