Кыргызстанга Пакистандан 100 кыргызстандык кайтып келди

16:04, 17 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга бүгүн Пакистандан 100 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар Пакистан Эл аралык авиакомпаниясынын Исламабад — Бишкек — Исламабад чартердик каттамы аркылуу келишкен.

Пакистандан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтүшөрү белгилүү болду.

«Мекендештерибизди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон баардык чаралар көрүлүүдү», — деп билдирди ТИМ.