16:39, 16 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн Facebook баракчасына Бажы кызматынын экс-кызматкери Эмилбек Кимсановдун тергөө абагынан сабалган видеосун жүктөдү.
Анын айтымында, ал кечээ Бишкектеги № 1 тергөө абагынан Эмилбек Кимсановдун сабалгандыгы тууралуу далилдерди алган.
Жактоочунун айтымында, окуя 3-апрелде Эмилбек Кимсановду убактылуу кармоочу жайдан № 1 тергөө абагына алып барган күнү болгон.
Видеодо жабырлануучунун бетин көрүү мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөндөй колдору менен капталга, белине уруп жатышкандыктары даана байкалат.