БШК шайлоо кампаниясына баннер чыгаруу үчүн 2,1 миллион сом сарптайт

09:32, 16 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия шайлоо күнүнө баннерлерди басып чыгарууга тендер жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн сатып алуу порталы кабарлады.

Анын айтымында, БШК бул максатта 2 миллион 132 миң 100 сом сарптоону пландоодо. Анын ичине баннерлердин жасалгалоосу да кирет.

Эске сала кетсек, шайлоо Ошто, Караколдо, Балыкчыда, Токмокто жана 25 айылдык кеңеште 12-апрелде болмок, бирок коронавирустун жайылышынан улам белгисиз бир мөөнөткө жылдырылган.

Шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан, мындан тышкары, жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.